БАСТЕР
БАСТЕ́Р – Сент-Китс ж-а Невис мамлекетинин борбору. Айдарым аралдар тобуна кирген Сент-Кристофер (Сент-Китс) а-нын түш. жээгинде жайгашкан деӊиз порту. Калкы 15,5 миӊ (2021). Эл аралык аэропорту бар. 1627-ж. француздар негиздеген. 1867-ж. өрттөн кийин кайра курулган. 1983-жылдан көз карандысыз мамлекеттин борбору. Өкмөт үйү, собор, чиркөө, саат мунарасы, эки кабаттуу үйлөр, улуттук музей, ботан. бак, казино, кант з-ду, суусундук өндүрүшү иштейт. Туризм өнүккөн.