БАСТЫРМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСТЫРМА – мал кармоочу, жем-чөп, а. ч. шаймандарын, эгин ж. б. буюм сактоочу, адамдар көлөкөлөп эс алуучу үстү жабык жай. Анын эки түрү бар: 1) убактылуу Б. көбүнчө жайытта мал көлөкөлөтүү же талаада эмгектенгендер эс алуу үчүн курулат. 2) А. ч. шаймандары, эгин, жем-чөп ж. б. сакталуучу Б. бекемделип үч тарабы тосулуп, үстү жабылат, бир тарабы ачык же дарбаза орнотулат. Таманына бетон, асфальт же шагыл төшөлөт.