ВАРИОМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРИО́МЕТР (лат. vario – өзгөртөм ж-а ...метр) – 1) г е о ф и з и к а д а – кандайдыр бир геофиз. чоӊдуктардын өзгөрүүсүн, мис., чыӊалуу убагында Жердин геомагниттик талаасынын өзгөрүүсүн, б. а. магниттик вариациясынын (магниттик В.), горизонттук багыттагы (гравитациялык В.) жер бетине жакын оордук күчүнүн талаасынын өзгөрүүсүн аныктоочу прибор. Кенбайлыктарды чалгындоодо пайдаланылат; 2) а в и а ц и я д а – учууда учуу бийиктигинин өзгөрүү ылдамдыгын аныктоочу прибор.