БАТУТ
БАТУ́Т (фр. batoude, итал. battuta – урунуу) – көкөлөп секирүү үчүн орнотулган пружиналуу төрт чарчы керме түзүлүш, резина серпилгичтүү (амортизатор) темир алкакка горизонталь абалда бекитилген тор. Б-тун уз. 5, туурасы 1 м келип, жерден 1,2 м бийиктикте орнотулат, анын бүктөмө, ажыратма түрү бар. Б-та секирүү (бирден же жуп синхрондуу) – спорттун түрү. Б. спортунун Эл аралык федерациясы 1964-ж. негизделген. Дүйнөлүк чемпионат 1964-жылдан өткөрүлөт.