БАТЫРКАНОВ Жээнбек Мамбетович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 11 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫРКАНОВ Жээнбек Мамбетович (5. 2. 1939-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району‚ Үч-Кайнар айылы) – экономист, экономика илимдеринин доктору (1991)‚ профессор (1992). КРдин эмгек иӊ. экономисти (2000). КМУну бүтүргөн (1964). 1957–59-ж. Ак-Суу р-нунун Кызыл-Туу колхозунда тракторчу-комбайнёр, 1964–67-ж. Ак-Талаа р-нунда колхоздун башкы экономисти, 1967–68-ж. ошол эле райондун а. ч. башкармасынын пландоо-эсеп бөлүмүнүн башчысы, 1969–76-ж. Кыргыз ССР Айыл чарба министрлигинде бөлүм башчы, 1976–77-ж. Кыргыз айыл чарба ин-тунда доцент, 1978-жылдан кафедра башчысы, бир эле учурда 1978–84-ж. экономика ф-тинин деканы, 1984–92-ж. ин-тта проректор, 1992–95-ж. КРдин Айыл чарба министрлигинде бөлүм башчы‚ КАУда доцент‚ кафедра башчысы‚ декан‚ проректор‚ 1995-жылдан КРCУда, 1998-жылдан КГУСТАда кафедра башчысы. Чарба экономикасы ж-а менежмент б-ча адис. А. ч. өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу б-ча 60тан ашуун ил. Иштери (а. и. 2 монография) жарык көргөн. Медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Проблемы повышения эффективности управления сельским хозяйством на этапе перестройки экономических отношений на селе. Новосибирск, 1991; Основы предпринимательства. Б., 1997.