БАТЫШ АВСТРАЛИЯ АГЫМЫ
БАТЫШ АВСТРА́ЛИЯ АГЫМЫ – Инди океанындагы муздак агым, Австралиянын батыш жээгин бойлой агат. Батыш Шамалдар агымынын түн. тармагы. Түштүктөн түндүктү карай агат. Суунун темп-расы кышында 15–19°Сден, жайында 21–26°Сге чейин. Ылдамдыгы жайында 25–50 см/сек, кышында басаӊдайт. Түш. Жарым шардын тропик зонасында Түш. пассат агымына өтөт.