БАТЫШ АВСТРАЛИЯ БӨКСӨ ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ АВСТРА́ЛИЯ БӨКСӨ ТООСУ Батыш Австралияда. Рельефи денудациялык процесстерге бир нече жолу дуушарланган аймак. 400–600 м бийиктикте жайгашкан түздүктөр басымдуу (цоколь түздүктөрү). Австралия платформасынын кембрийге чейинки түпкү тектеринин жер бетине көтөрүлүп жаткан бөлүгүндө, катмарланган түздүктөр – Батыш Австралия калканындагы чуӊкурдуктарда жайгашкан. Четки тоо массивдери ж-а жалпак чокулуу калдык тоолор (Хамерсли, Кинг-Леопольд, Стерлинг ж. б.) 1000 мден бийик, чыгышында Масгрейв ж-а Макдоннелл тоолору (1500 мден жогору) орун алган. Жарым чөл ж-а чөл ландшафты басымдуу. Спинифекс формасын түзгөн түбү бекем дан өсүмдүктөрүнүн тамырына бекиген кумдуу чөлдөр (Чоӊ Кумдуу чөл, Виктория Чоӊ чөлү, Симпсон) кеӊири аянтты ээлейт. Цоколь түздүктөрүнө таштуу чөл («гиббер») мүнөздүү. Түштүгүндө карст ландшафттуу Налларбор түздүгү жатат. Кимберли ж-а Арнемленд ж. а-нда саванна, түштүгүндө субтропиктик бадалдар, сейрек токой өсөт.