БАТЫШ КАРА-СУУ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ КАРА-СУУ ӨРӨӨНҮ Батыш Теӊир-Тоодо, Ат-Ойнок кырка тоосунун түш.-батыш капталында, Кара-Суунун аккан багыты б-ча түндүктөн түштүккө карай 65–70 кмге созулат. Өрөөн негизинен эрозия процесстеринен пайда болгон. Өрөөндүн төрү кууш (500–1000 м), тереӊ тилмеленген, V формасында; таманынын деӊиз деӊг. басымдуу бийикт. 1500–1700 м. Ортонку ж-а төмөнкү бөлүктөрү кенен ж-а жазы (6–7 км). Кара-Суунун Нарын д-на чыга берген жери кууш, жардуу. Жогорку бөлүгүнө шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа ж-а шалбаалуу токой, ортоӊку ж-а төмөнкү бөлүктөрүнө кургак талаа ж-а талаа ландшафт алкактары мүнөздүү; таманында бадалдуу токойлор кездешет. Төрү жайыт. Ортонку бөлүгүнүн таманы айдоо, чабынды катары пайдаланылат. Өрөөндө кыштактар жайгашкан.