БАТЫШ СЬЕРРА-МАДРЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ СЬЕ́РРА-МА́ДРЕ – Түн. Америка Кордильерасынын Батыш тилкесиндеги кырка тоо; Мексикада. Батышынан Мексика тайпак тоосу м-н чектешет. Уз. 1300 км, эӊ бийик жери 3150 м (Чоррерас чокусу). Негизинен метаморфизмделген тоо тектерден туруп, лаванын калыӊ катмары м-н капталган. Күмүш ж-а алтын кендери бар. Тереӊ өрөөн-капчыгайлар м-н тилмеленген. Түндүгүн ксерофилдик бадалдар ж-а кызыл карагайлуу сейрек токой, түштүгүн катуу жалбырактуу ж-а жайында жашыл токойлор ээлейт.