«БРИТАН ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 3 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БРИТА́Н ЭНЦИКЛОПЕ́ДИЯСЫ», «Б р и т а н н и к а» – дүйнөдөгү эӊ эски, универсалдуу энциклопедиялардын бири. Анын 3 томдуу 1-басылышы 1768–71-жылдарда Эдинбургда, кийин Лондондо чыккан. Британ энциклопедиясынын 9- (1875–89; 25 т.) жана 11- (1910–11; 29 т.) басылыштары бир кыйла дурус чыккан. Акыркы 24 томдуу 14-басылышы 1929-жылы башталган. Мындагы макалалардын көпчүлүгү кеӊири обзор түрүндө жазылган. 20-кылымдын башында бул энциклопедияны чыгарууда англиялык ж-а америкалык авторлор биргелешип иштегендиктен, мазмуну боюнча британ-америкалык энциклопедияга айланган. 40-жылдардын башталышынан «Британ энциклопедиясы» Чикагодо У. Бентондун жетекчилиги менен чыгарылган. 1968-жылы «Британ эциклопедиясынын» 200 жылдык юбилейине карата илимдин ар кандай тармактарын камтыган көлөмдүү макалалардан турган 3 томдук басылган. 1969-жылы басма сөздө «Британ энциклопедиясынын» жаӊы басылышын даярдоо жөнүндө билдирүүлөр жарыяланган. 1974-жылы 30 томдуу 15-басылышы чыгарылган. Ошондой эле бул басылмадан тармактык энциклопедиялар, сөздүктөр, балдар жана өспүрүмдөр үчүн (мисалы, «Комптон») энциклопедиялар жарык көргөн.