БАШ СҮЙЛӨМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ СҮЙЛӨМ – багыныӊкы татаал сүйлөмдүн курамындагы, б. а. өзүнчө ажыратып жиберсе да маанисин толук сактап калган ж-а айтылуучу ойдун негизин билдирген сүйлөм (мис., Коӊгуроонун үнү угулганда, окуучулар класска кире баштады. Мында коӊгуроонун үнү угулганда – багыныӊкы сүйлөм, окуучулар класска кире баштады – баш сүйлөм).