БАШКАРУУЧУ МАШИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШКАРУУЧУ МАШИ́НА – татаал объекттер же өз ара байланышкан объект тобун автоматтык эсептегич механизм. Аны колдонуу м-н башкарылуучу объектинин кадимкидей ж-а өндүрүмдүү иштешине жетишүүгө, жогорку сапаттагы продукция алууга, сырьё же электр энергиясын үнөмдөөгө болот. Б. м. үзгүлтүксүз, дискреттүү аракеттеги ж-а айкалышкан типтеги машина болуп бөлүнөт. Ү з г ү л т ү к с ү з аракеттеги машина операциялары үзгүлтүксүз өзгөрүп туруучу чоӊдуктар (электр чыӊалуусу, кыйшаюу бурчу ж. б.) ж-а д и с к р е т т ү ү машинанын иши сан түрүндө берилген чоӊдуктар м-н аткарылат. А й к а л ы ш к а н типтеги машиналар үзгүлтүксүз ж-а дискреттүү машиналардан турат. Ал электр энергетикасында, металлургияда, нефть ж-а химия өнөр жайында өндүрүштүк процесстерди автоматтык башкаруу үчүн колдонулат.