БАШКАРЫЛУУЧУ ТҮЗӨТКҮЧ
БАШКАРЫЛУУЧУ ТҮЗӨТКҮЧ – өзгөрмө (бир ж-а үч фазалуу) токту түзөтүүчү, анын чыгышындагы түзөтүлгөн чыӊалуусу башкаруучу параметрдин чоӊдугуна карата өзгөрүүчү вентилдүү өзгөрткүчтүн түрү. Б. т. схемасы б-ча башкарылбоочу түзөткүчтөн айырмаланбайт, бирок анда башкарылуучу вентил (тиристор) пайдаланылат. Ал туруктуу токтун электр кыймылга келтиргичинин айлануу ылдамдыгын жөндөйт, өзгөрмө ж-а туруктуу токтун электр машиналарын дүүлүктүрөт, электролиз ванналарын азыктандырат, аккумуляторду заряддайт ж. б.