БАЯЗЫ ЧЕПКЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЯЗЫ ЧЕПКЕН – сырт кийимдин бир түрү. Төөнүн ийрилген жүнүнөн өрмөккө согулуп, жеӊи узун ж-а тулкусу кенен бычылып, жалаӊкат ичтелип тигилет. Ал көбүнчө жылдын салкын мезгилдеринде кийилет. Б. ч. жылуу, бышык ж-а жеӊил болгондуктан, сый кийим катары бааланып, белекке да берилет. Аны «төө чепкен» деп да аташат.