БЕГАЛИЕВА
БЕГАЛИЕВА Асель Сувакуновна (18. 10. 1977-ж. т., азыркы Бишкек ш.) – тарыхчы, тарых илимд. доктору (2015), доцент (2011). 1999-ж. КМУУнун тарых ф-тетин бүткөн. 1999-жылдан И. Арабаев атн. КМПУда Мектепке чейинки билим берүүнү даярдоо ж-а кайра даярдоо борборунда окутуучу, КМКТАУда «Философия ж-а социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасында улук окутуучу, Туризм академиясында доцент, М. Р. Рыскулбеков атн. КЭУда ММК ж-а коомчулук м-н байланыш б-ча координатор, Менеджмент ж-а туризм ф-тинин деканы. 40тай ил. эмгектин (а. и. 2 монография, 2 окуу китеби) автору.