БЕГЕЛДИНОВ
БЕГЕЛДИНОВ Талгат Якубекович (5. 8. 1922, Майбалык, Коргалжын р-ну, Акмоло обл. – 10.11.2014, Алматы, Казакстан) – учкуч, Сов. Союз. эки жолку Баатыры, Казакстан авиациясынын генерал-майору. Анын балалык чагы Фрунзе ш-нда өткөн. 1938–40-ж. Фрунзедеги аэроклубдан окуган. 1940-жылдан өз ыктыяры м-н Сов. Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1942-ж. Чкалов атн. аскердик авиац. мектепти бүтүрүп, 19 жашында согуштук самолётту башкарууга укук алган. 1943-ж. январда 144-гвардиялык авиац. полку м-н Калинин фронтунда согушка катышып, он жолку жеӊиштүү учушу үчүн

1943-ж. апрелде 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени м-н сыйланган. 1943-ж. жазында Б. өз полку м-н Воронеж фронтунда фашисттерге кыйраткыч сокку уруп, абадагы чаалыкпас «мергенчи» аталат. 1943-ж. сентябрда Харьков салгылашууларындагы эрдиги үчүн Кызыл Туу орденин экинчи жолу алат. Украина үчүн болгон салгылашууларда, Молдавияны бошотууда өзгөчө эрдиктерди көрсөткөн. 1944-ж. ал эскадрильяга командалык кылган. Б. согушта 155 жолу абага учуп, душманды олуттуу жоготууларга учураткандыгы үчүн 1944-ж. 26-октябрда Сов. Союз. Баатыры болот. 300дөн ашуун согуштук учуу жасап, абада көрсөткөн эрдиги үчүн Б-го 1945-ж. 27-июнда экинчи жолу Сов. Союз Баатыры наамы ыйгарылат. Б. 1950-ж. Аскер-авиация академиясын бүтүрүп, полктун командиринин орун басары, штаб начальниги болуп иштеген. 1959-ж. Аскер кызматынан Казакстанга кетип, мамл. кызматтарда болгон. СССР Жогорку Советинин 2–3-шайланышынын депутаты. 2 Ленин ордени, 2 Кызыл Туу, 1–2–3-даражадагы Ата Мекендик согуш, Александр Невский, Кызыл Жылдыз, 3-даражадагы Даӊк ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Б. – «305 рейдов» (Ф., 1966), «ИЛы атакуют», «Асмандагы беттешүү» (А.-Ата, 1966, 1967) мемуарларынын автору. Бишкек, Кокшетау (Көкчө-Тоо), Москва, Нур-Султан ш-на бюсту коюлуп, Казакстанда 2 аскер окуу жайына, бир нече орто мектептерге, айрым шаар-кыштактардын көчөлөрүнө ысмы берилип, Талгат Бегелдинов ж-дө фильмдер тартылган.