БЕДИЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕДИЗ – ташка чегип, оюп, кооздоп сүрөт тартуу. Орхон жазмаларында таштан чегилип жасалган адамдын келбети Б. деп аталган. Түрк тилинде Б. көркөмдөө, кооздоо, оюу, кооз имарат тургузуу деген маанини берет. Түрк жазмаларында Б. баатырлардын тулкусу ташка чегилген ж-а алардын жанына тизилип коюлган таш тирөөчтөргө (балбалдарга) карата да айтылган.

Жазуу чегилген бедиз таш (Монголия).