БИОМЕХАНИКА (биологиянын бөлүмү)
БИОМЕХАНИКА ( био... ж-а механика) – биологиянын (физиология, биофизика) жаныбарлардын орган, ткань ж-а бүтүндөй организминин мех. касиеттерин, о. эле аларда болуучу мех. процесстерди изилдөөчү бөлүмү. Б. механиканын негизги принциптерин бардык тирүү оргаизмдерде пайдаланышы м-н мүнөздөлөт. Б. б-ча изилдөөлөр Леонардо да Винчинин заманында эле башталган. Б. б-ча алгачкы иштер колдонмо мүнөздө болгон. Бир клеткалуу оргазимдердин мех. кубулуштарына, барыдан мурда клетка ичиндеги цитоплазма ж-а органеллалардын бөлүштүрүлүшү, клетканын бөлүнүшү, алардын кирпикчелер ж-а шапалакчаларынын жардамы м-н мейкиндикте жылып жүрүшү кирет. Өсүмдүктүн өсүүсү, сырткы таасирлерге туруктуулугу, сабак, жалбырак ж-а тамырында заттардын өтүшү, гүлүнүн Күн абалына же курт-кумурскачыл өсүмдүктөрдүн курт-кумурскаларга болгон реакциясы, чөйрөнүн ар кандай факторлоруна (жарык, жерге тартылуу, хим. заттар ж.б.) өсүмдүк органдарынын өсүү багыты (ийилүү) – тропизмдер, настиялар, нутациялар ж.б. изилденет. Кыймыл Б-сы анатомия ж-а теор. Механиканын маалыматтарына негизделген, кыймыл органдарынын структурасын; дем алуу аппаратынын Б-сы органдын серпилгич, серпилгич эмес каршылыгы, дем алуу кыймылынын динамикасы ж. б.; кан айлануу Б-сы кан тамырлар ж-а жүрөктүн серпилгичтигин, кан агымына кан тамырдагы гидравликалык каршылыкты, кан тамыр капталына толкундун таралышын, кандын кыймылы, жүрөк иши ж.б. изилдейт. Таяныч-кыймыл аппаратынын Б-сы булчуңдардын касиети, сөөктөр, муундар, байламталар ж.б-дын бышыктыгын аныктайт. Б. б-ча иштер ар кандай илимдерде: эмгек ж-а спорт физиологиясы, аскер ж-а клиникалык медицина, а.и. неврология, ортопедия, травматология, протездөөдө кызыгуу жаратат. Б. маалыматтары техниканын ар кандай областарында пайдаланылуучу автомат-манипулятор ж-а роботторду жасоодо колдонулат. Дем алуу ж-а кан айлануу Б-сынын изилдөөлөрү «жүрөк-өпкө» аппаратын түзүүнүн негизи болгон.