БИОТЕХНИКАЛЫК СИСТЕМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:54, 18 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОТЕХНИКАЛЫК СИСТЕ́МА – өз ара байланышкан жана бири бирине көз каранды биологиялык жана техникалык системалардын же объектилердин жыйындысы. Мисалы, космос кемесинин борттук Биотехникалык системасында ашкана, аба жана сууну калыбына келтирүү (регенерациялоо) блогу, энергия менен камсыздоо түзүлмөсү, жылуулукту жөндөө, таштандыларды минералдаштыруу, кээде космос оранжереясы ж. б. кирет. Бул система узак убакытка учуучу космонавттардын жашоосун камсыз кылат.