БИРДИК (Ысык-Ата районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:34, 18 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРДИК – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Бирдик айыл округуна караштуу. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 15 км түндүк тарапта. Деӊиз деӊгээлине 700 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2331 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо, китепкана бар.