БИРИНЧИ ИМПЕРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ ИМПЕ́РИЯ – Францияда Консулдук башкаруудан (1799–1804) кийинки Наполеон I башкарган (1804–14 ж-а 1815) ири мамлекет. Консулдук режимдей эле Б. и. мезгилинде империялык бийлик Француз рев-ясынын жеӊип алууларын жойгонго аракеттенген, бирок анын натыйжасында пайда болгон бурж. түзүлүштү бекемдеп, аскердик диктатураны орноткон. Б. и. кыйрагандан кийин Францияда Бурбондордун монархиясы калыбына келтирилген.