БИРИНЧИ МАЙ (Ысык-Ата районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ МАЙ – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Нурманбет айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Кант ш-нан 8 км, Ивановка темир жол бекетинен 9 км. Деӊиз деӊг. 860 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 1143 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет.