БИРЛИК (Ат-Башы районундагы кыштак)
БИРЛИК, К а ш к у л а к – Нарын обл-нун Ат-Башы р-нундагы кыштак. Ак-Моюн айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Ат-Башы кыш-нан 12 км түн.-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 260 км. Деӊиз деӊг. 2210 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1263 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, китепкана бар.