БИРЛИК (Ат-Башы районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:10, 19 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРЛИК, К а ш к у л а к – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Ак-Моюн айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 12 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 260 км. Деӊиз деӊгээлинен 2210 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1626 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, китепкана бар.