БИРУНИ
БИРУНИ́, (Беруни) А б у Р е й х а н [4. 10. 973, Кят (Каракалпакстан, Бируни ш.) – 13. 12. 1048, Газни ш. (азыркы Афганистан аймагында)] – орто азиялык илимпоз-энциклопедист, ойчул. Анын эмгектери негизинен тарых, математика, астрономия, география, топография, физика, медицина, геология, минерология ж. б. илимдердин тармактарын камтыган. Ал О. Азия ж-а Ирандын шаарларында болуп атактуу астроном, математик Абу Наср Мансур ибн Ирактан сабак алган. 995–1010-ж. Иранда жашаган. 1000-ж. о. кылымдардын энциклопедиясы аталган «Байыркы муундардын эстеликтери»

деген айтылуу эмгегин жазган. 1010-ж. Хорезм акими Момун ибн Мухаммеддин көрсөтмөсү м-н Үргөнчтө атайын Ил. академия («Момундун академиясы») уюштурулуп, анда Б-нин жетектөөсү м-н Ибн Сина, Массих, Хаммар, Мискавейх ж. б. көрүнүктүү окумуштуулар ил.-из. иштерин жүргүзүшкөн. Б. – «Геодезия», «Минерология», «Хронология», «Индия», «Масуд Канону» ж. б. 150дөй ил. эмгектин автору. «Хронология» деген эмгегинде дүйнөдө биринчилерден болуп, Батыш ж-а Чыгыш өлкөлөрүндө колдонулган жыл санактар системасы, алардын өзгөчөлүгү, түрдүү элдердин үрп-адаты, салт-санаасы тереӊ изилденген. Б. грек, латын, араб, перс, түрк, хинди ж. б. тилдерди өздөштүргөн. Байыркы замандын окумуштуулары (Пифагор, Сократ, Платон, Аристотель, Гален, Птолемей) ж-дө ил. эмгектерди жазган. Анын эмгектери табият таануу ж-а коомдук илимдердин тармактарын изилдөөгө багытталган. Б. поляк окумуштуусу Николай Коперниктен дээрлик 500 жыл мурда эле асман телолорун, Аалам түзүлүшүн, Күн системасын иликтеп, Жердин шар формасында экендигин ж-а ал өз огунда айлануу м-н Күндү тегеренип жүрөт деген тыянакты ил. түрдө далилдеген. Галилей м-н Ньютондон 600 жыл илгери телолордун Жерге тартылуусун болжогон. Арал деӊизинин жээгинен, Индистанда, Афганистанда астр. байкоо иштерин жүргүзгөн. Д. Менделеевден 1000 жыл мурда көптөгөн металл, минерал ж-а хим. заттардын салыштырмалуу салмагын изилдеп, так эсептеп чыккан. Биринчилерден болуп Жер шарынын радиусун эсептеп чыгып, ал 40 миӊ км түзөт деп жазган ж-а Жер шарынын глобусун жасаган. Анын пикири б-ча Күн – бул жанып турган от. Ал бөлүп чыгарган нурдун ылдамдыгын билүү өтө кыйын, аны үндүн гана ылдамдыгына теӊеп билүүгө мүмкүн. Бирок ал андан да чоӊ ылдамдыкта жүрөт деп эскерткен. Б-нин математикасында геометрия ж-а тригонометрия маселелери изилденген. Анын геогр. чыгармаларында ошол кездеги белгилүү жерлердин баары айтылып, материктер картага түшүрүлгөн. Б. биол. маселелерге да кызыккан. Ал ар түрдүү өсүмдүктөрдүн ж-а жаныбарлардын тиричилигин изилдеген. Тарых илими б-ча эмгектеринде 7-к-дагы Муканнанын көтөрүлүшү, карматтар кыймылы ж-дө маалыматтар камтылган. Кыргыздарды тили б-ча түрк элдерине кошуларын ж-а өздөрүнүн падышасын кан же хан деп аташарын эскерткен. Анын эмгектери англис, араб, орус, өзбек тилдерине которулган.
Эмг.: Избранные произведения. Т. 1–3, Т., 1957–66; Собрание сведений для познания драгоценностей (минерология). Л., 1963.