БИСКВИТ (сырдалбаган фарфор)
БИСКВИТ с ү р ө т и с к у с с т в о с у н д а (фр. – bisqeit) – сырдалбаган фарфор. Көркөм керамикада ак көзөнөкчөсүз, күңүрт, жылтырабаган фарфор ж-а андан жасалган нерселер. Б. майда скульптордук иштерге материал катары колдонулат. Кээде литофания үчүн ж-а идиш (карапаларды) жасоодо рельеф колдонулат. 18-к-дын ортосунан тартып андан Германияда, кийин Россияда, Францияда, Данияда сарай кызматтары үчүн столдун скульптуралык топтору жасалган. 19-к-дын жарымында пайда болгон саргыч түс м-н айырмаланган мрамор париан деп аталат, к. Керамика.