БИШКЕК САММИТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК САММИТИ – Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек ш-нда 2007-ж. 16-августта Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын: Казакстан Респ-нын Президенти Н. Назарбаевдин, Кытай Эл Респ-нын төрагасы Ху Цзиньтаонун, КРдин Президенти К. Бакиевдин, РФтин Президенти В. Путиндин, Тажикстан Респ-нын Президенти Э. Рахмондун, Өзбекстан Респ-нын Президенти И. Каримовдун катышуусу м-н өткөн жетинчи жыйын (саммит). Алты өлкөнүн мамлекет башчылары ж-а өкмөттүк жетекчилер: Афганистандын Президенти – Х. Карзай, Индиянын нефть ж-а жаратылыш газ министри – М. Деор, Иран Ислам Респ-нын Президенти — М. Ахмединежад, Монголиянын Президенти – Н. Энхбаяр, Пакистандын тышкы иштер министри Х. Касури, Түркмөнстандын Президенти – Г. М. Бердымухаммедов эл аралык байкоочулар катары катышты. Бул саясий форум дүйнөлүк коомчулуктун активдүү кызыгуусун туудурду. 12 өлкөнүн башчылары ж-а жетекчилери катышкан бул эл аралык ири жыйын ар тараптуу жолугушуулардын, сүйлөшүүлөрдүн ж-а кызыкдар болгон маселелер б-ча активдүү пикир алышуулардын аренасы болду. Бул саммитте ШКУ мүчөлөрү эл аралык маанидеги документти — Бишкек декларациясын кабыл алышты.

Бишкек саммитинин катышуучулары.

«БИШКЕКСҮТ» – ачык акционердик коом (2000). 1992-ж. Фрунзе сүт комбинатынын базасында уюшулган. Кырг-нда сүт өндүрүү ж-а сүт азыктарын кайра иштетүү б-ча ири ишкана 1991-ж. ишке киргизилген. Суткасына 200 т сүт иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. 2000-ж. «Вимм-Билль-ДанПродукты питания» Россия компаниясы акцияларынын контролдук пакетин сатып алган. 2002-ж. з-дун бир цехинде стерилденген сүт өндүрүү линиясы орнотулган. Анда саатына 8 т стерилденген сүт чыгарылат. Заводдун продукциялары башка өлкөлөргө (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан) экспорттолот.