БИШКЕК ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ
БИШКЕК ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ Ч. Базарбаев атындагы. 1980-жылы М. Күрөӊкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографилык окуу жайынын хореографиялык бөлүмүнүн базасында ачылган. Анда жалпыга билим берүүчү мектептердин программалары, талаптары м-н бир эле мезгилде атайын ритмика, гимнастика, фортепьяно, хордо ырдоо сабактары өтүлөт. Хореография окуу жайы ачылгандан бери аны көптөгөн таланттуу жаштар бүтүп чыгышты. 2004-жылдын февраль айында окуу жайга СССР эл арт. Ч. Базарбаевдин аты берилген. Окуу жайда өз кесиптерин мыкты билген Р. Чокоева, Б. Алимбаев, А. Ырсалиев ж. б. тажрыйбалуу педагогдор иштешет.
