БЛАГОВЕЩЕНСК
БЛАГОВЕ́ЩЕНСК – Россия Федерациясындагы шаар (1858-жылдан). Амур обл-нун адм. борбору. Амур д-на Зея д. куйган жердеги порт. Темир жол бекети. Калкы 216,6 миӊ (2012). Машина куруу (тоо-кен ж-а алтын өнөр жайы үчүн жабдуу, кеме куруу ж. б. з-ддор, электр приборлор өндүрүшү), жыгаччылык, жеӊил, тамак-аш өнөр жайы, 4 ЖОЖ, 2 театр, край таануу музейи бар. 1856-ж. Усть-Зейский аскер порту катары негизделген.