ВАСИЛЕНКО
ВАСИЛ́ЕНКО Лев Владиславович (15.10.1927-ж. т., Ташкен) – геолог, Кыргыз ССР мамл. сыйл. лауреаты (1980). Ташкен политехника ин-тун бүтүргөн (1950). 1958–61-ж. Чүй геол. экспедициясынын, 1962–85-ж. Түн. Кыргыз геол. Экспедициясынын партияларынын башкы геологу болуп иштеген. Кырг-ндын металл эмес кенбайлыгын издөө, чалгындоо ж-а геол. жумуштарды уюштурууга чоӊ салым кошкон.