БЛЕННОРЕЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛЕННОРЕ́Я (гр. blйnnos – былжыр ж-а zhйу – агам) – көздүн былжыр челинин гонококктор пайда кылуучу жугуштуу оорусу. Көздөн чылпак көп чыгып, көз жапкагы шишип, катууланат, жээги кызарат. Б. ымыркайларда ж-а чоӊ кишилерде кездешет. Ымыркайга оорулуу энеден төрөт убагында, чоӊ кишилерге кир колу, сүлгү ж. б. аркылуу жугат. Анын белгилери билинери м-н тезинен врачка кайрылуу керек. Убагында дарыланбаса көзгө конок конуп, ак басып көрбөй калышы мүмкүн. Алдын алуу үчүн ымыркайдын көзүнө азот кычкыл күмүштүн 2%түү эритмесин же антибиотик тамызуу, о.эле эненин сүзөк (гонорея) оорусун дарылоо зарыл.