БЛИК
БЛИК (нем. blik) – предметтин үстүндөгү башка жактан чыккан жарык булагынын көлөмдүк форма бөлүктөрүн кайталаган эң жарык, жылтылдаган жери. Б-тин күчү ж-а жарыгы аны чыгарып жаткан нерсенин касиеттерине ж-а жарык чыгаруу күчүнө жараша болот. Көркөм практикада Б. чыгарманын жарык шаңдарынын курулуш өзгөчөлүктөрүнө да көз каранды, к. Жарык шаңы.