БОЗ-БЕШИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ-БЕШИК – Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы кыштак. Оргочор айыл аймагына караштуу. Оргочор дөӊсөөсүнүн батыш этегинде, деӊиз деӊг. 1686 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыш-нан 17 км түн. тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 206 км. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы 1101 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт, мад-т үйү бар.