БОЗ-УЧУК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ-УЧУК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыланууга жарамдуу ысык суу булактары. Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нунда, Каракол ш-нан 30 км чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы Боз-Учук суусунун өрөөнүндө, деӊиз деӊг. 2200 м бийиктикте жайгашкан. Суу жерг. элге илгертеден белгилүү. Булак борб. бөлүгү граниттерден түзүлгөн антиклинорийдин түн. капталындагы тектон. жарака аркылуу жер бетине чыгат. Булактардын дебити 1,72 л/сек. Хим. курамы, физ. касиети б-ча аз минералдашкан (0,8 г/л), азоттуу (99%), сульфат-хлорит натрий-кальцийлүү арашан сууларына кирет. Суунун темп-расы 28–30°С. Түссүз ж-а даамсыз, бир аз күкүрттүү суутек жыттанат. Курамында литий, стронций ж. б. бар. Суудагы биол. активдүү компоненттер: эркин түрүндөгү СО2 (7 мг/л), H2S (7 мг/л), кремний к-тасы (38 мг/л) ж-а радон (43,9 эман). Б.-У. м. с. дарычылык касиети б-ча белгилүү Кулдур (Хабаров крайы) минералдуу суусуна окшош. Суу м-н муун, таяныч органдарын, нерв, ашказан, тери ж-а гинекология ооруларын дарылоого болот. Жерг. эл пайдалануу үчүн ал жерге «Алтын-Булак» дарылануучу жайы курулган.