БОЗ КЕМПИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ КЕМПИР, с о ф о р а (Sophora) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы дайым жашыл, анча чоӊ эмес дарак же бадал. Жалбырагы татаал канаттай. Гүлү сары, саргыч, агыш, сыя көк түстө, чачы же шыпыргыдай топ гүлдүү. Чанагы цилиндрдей же төрт кырдуу. Май айында гүлдөп, мөмөсү августта бышып жетилет. КМШ өлкөлөрүндө 6 түрү бар. Гриффит Б. к-и Кыргызстанда Разансай капчыгайында, Эчкили-Тоодо гана сейрек кездешкендиктен Кыргызстандын Кызыл китебине катталган. Япон Б. к-и Кырг-нда кооздук үчүн өстүрүлөт. Фергана тоолорунда жапайы түрү өсөт. Суукка чыдамсыз. Уулуу өсүмдүк. Андан дары, инсектициддер, боёк алынат.