БОЗ ТҮШҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ ТҮШҮҮ – чаӊдын, түтүндүн ж. б. заттардын абада топтолушунун натыйжасында атм-нын бир аз тунарып турган абалы. Көбүнчө боз түшүү чоӊ шаарлардын үстүндө, кыртышы өтө кургак чөлдүү ж-а жарым чөлдүү р-ндордо же ошол тараптан келген аба массаларында байкалат. Б. т. күчөгөн убагында 1 км, кээде ага жетпеген аралыкта туман баскансып, атмосфера тунарып, жер даана көрүнбөй калат.