БАСКЫЧТОП
БАСКЫЧТОП, к л а в и а т у р а (Keyboard) – тамгаларды терүү менен берилиштерди компьютерге киргизүүчү жабдык. Баскычтоп жеке компьютерге же терминал сыяктуу экраны бар түзүлмөгө туташтырылат. Баскычтоптон терилип киргизилген маалыматтар экрандан чагылдырылат. Баскычтоп тактасындагы алфавит баскычтары жазма машинканыкындай тартипте жайгашкан, мында цифралык баскычтар тобу Баскычтоп тактасынын жогорку тилкесиндеги катардын бир бөлүгүндө, андан тышкары оӊ жагына топтолуп, калькулятордукундай жайгашканы санды тез терүүгө мүмкүндүк берет. Баскычтоп тактасында жылгычты (курсорду) же кыстаруу орунду көрсөтүүчү жебе баскычтары да орун алган. Жебе баскычтарынын бири басылса кыстаруу орду бир орунга жебенин багыты боюнча жылат. Ошондой эле, Баскычтоп тактасы кыстаруу орунду саптын же документтин башына жылдыруучу HOME, аягына жылдыруучу END сыяктуу көптөгөн баскычтарды камтыйт. Компьютердин Баскычтоп тактасындагы көпчүлүк баскычтары тексттерди өзгөртүү же оӊдоо аракеттеринде колдонулат, мисалы, текстке жаӊы символдорду кыстарууда же алып салууда (өчүрүүдө) INSERT, DELETE, BACKSPACE сыяктуу баскычтары пайдаланылат. CAPS LOCK баскычы баш жана кичине тамгалар режимдерин бири бирине которот. NUM LOCK оӊ жактагы сандык баскычтар тобунун сандык режимин орнотот же өчүрөт. Эгер сандык режим орнотулса, анда алар сандарды терүүдө, ал эми режим алып салынса, ошол эле баскычтар баскычта көрсөтүлгөн аракеттерди аткартууда колдонулат. Баскычтоп тактасынын жогору жагында орун алган функциялык баскычтар кандайдыр бир аракетти аткартуу үчүн программаланган. Функциялык баскычтар F тамгасы жана сан менен белгиленет, мисалы, F1 баскычын басуу үчүн F тамгасын жана 1 санын баспастан, F1 функциялык баскычын басуу керек. Демейде колдонуучуга жардам берүүчү сурап билүү тексттерин экранга чыгаруу аракетин F1 баскычына бекитишет. Бул баскычтарды колдонуу менен убакыт үнөмдөлөт, себеби Баскычтоп тактасынан буйрукту терип отурбастан функциялык баскычты басып коюу менен буйрук аткарылат. Баскычтоп тактасынын жогорку оӊ бурчунда сандык баскычтар тобун, баш тамгаларды, жылдыргыч тилкелердин тосмолонгонун (блокировкаланганын) көрсөткөн жарыктар жайгашкан. ESCAPE (ESC) баскычы буйруктун аткарылышын токтотот же орундан чыгууну уюштурат. ESC баскычынын милдети программалардын ар бир пакетинде өзгөрүлүп турат.
А. С. Өмүралиев.