БОЛУШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛУШ (орусча волостной) – аймактык-башкаруу бирдиги – болуштуктун башкаруучусу. Б-ту шайлоо жашыруун добуш берүү жолу м-н ишке ашкан. Шайлоо эки баскычтан турган. Б-ту шайлоодон мурун он башылар, элүү башылар, старчындар дайындалуучу. 50 түтүн шайлоочудан бир элүү башы шайланган. Б. ошол элүү башылардын курултайында 3 жылдык мөөнөткө шайланып, аскер губернатору тарабынан бекитилген. Бул кызматка, адатта колунда бар адамдар көрсөтүлгөн. Б-тар өкмөттүн жарлыктары м-н сот өкүмдөрүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, жер чатагын чечүү, жер, чабынды бөлүп берүү, салык салуу, жыйноо сыяктуу иштерди аткарышкан. Б-тук башкаруучуларга – Б., Б-тун кандидаты (Б. өлсө анын ордун баса турган киши), катчы (писарь) кирген. Ал ишинин көбүн катчы м-н жүргүзгөн. Адатта катчылар орус улутунан болгон, к. Болуштук.