БОЛЬШЕВИК (Кара-Суу районундагы кыштак)
БОЛЬШЕВИ́К – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Жоош айыл аймагына караштуу. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 8 км түштүк тарапта. Деӊиз деӊгээлинен 850 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3822 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча бар.