БОНИТИРОВКАЛОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОНИТИРОВКАЛОО – малды тукуму ж-а кунардуулугу б-ча баалоо. Б-ну зоотехник-бонитёр жүргүзүп, ага ветврач же фельдшер, фермер ж. б. кызматкерлер катышат. Чоӊ мал теги, экстерьери, кунардуулугу, тирүүлөй салмагы, тукумунун сапаты, ал эми жаш мал теги, экстерьери ж-а тирүүлөй салмагы б-ча бааланат. Мис., уйдун кунардуулугу сүтүнүн майлуулугу ж-а белоктун саны, уяӊ жүндүү койдуку жүнүнүн сапаты, чыбаштуулугу м-н аныкталат. Б-до мал ж-а бакма канаттуулар продукттуулугуна карата класстарга бөлүнүп, ошол б-ча бааланат. Ошого жараша алардын пайдалануу багыты ж-а өндүрүштүк топторго бөлүнүшү такталып, алардын продукттуулугун жогорулатуу, тукумдук сапатын жакшыртуу чаралары иштелип чыгат.