БОР-БАШ 1
БОР-БАШ – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак. Бел айыл аймагына караштуу. Ноокат – Кызыл-Кыя автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 1400 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 9 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 59 км. Калкы 5202 (2009); негизинен тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, медпункт, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.