БОРИЙ
БО́РИЙ , Bh – элементтердин мезгилдик системасынын VIIВ тобунан орун алган хим. элемент; к.н. 107, ат. м. 262; туруктуу изотоптору жок. Хим. касиеттери б-ча ренийдин аналогу. Көбүрөөк туруктуу болгон кычкылдануу даражасы +7. Массалык сандары 261Bh ж-а 262Bh болгон эки изотобу белгилүү. Даниялык окумуштуу Н. Бордун (1885–1962) урматына аталган. Синтезделип алынган 261Bh туруксуз. Эч жерде колдонулбайт. Хим. кошулмалары алынган эмес.