БОРКО
БОРКО – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак. Кыргыз-Ата айыл округуна караштуу. Кыргыз-Ата суусунун оӊ жээгинде, деӊиз деӊг. 1420 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 7 км түш.-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 50 км. Калкы 3140 (2009); негизинен тамекичиликте, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, клуб бар.