БОРНИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРНИ́Т (австриялык минералог И. Борндун ысмынан) – сульфиддер тобундагы минерал. хим. формуласы Cu5 FeS4. Курамында 52–65% Cu, 8–12% Fe болот. Куб сингониясында кристаллданат. Өӊү кара-күрөӊ, кызгылт сары келип, кубулуӊку тарам-тарам көк түскө өтөт. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 3. С. салм. 4,9–5,3. Негизинен гидротерм кендеринде кездешет. Б. Жез кенташынын (рудасынын) негизги минералы.