БОРОВКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРОВКО́В Александр Константинович [16 (29). 3. 1904, Ташкент – 12. 11. 1962, Ленинград] – окумуштуу түрколог. Өзбек ССР ИАнын (1943), СССР ИАнын корр. мүчөсү (1958). О. Азия ун-тинин Чыгыш таануу ф-тин бүтүргөн (1928). Өзбек тилинин тарыхы, грамматикасы, диалектологиясы, лексикографиясы б-ча бир нече эмгектердин автору. Чагатай тилинин сөздүгүндөгү лексикографиялык салттарга өзгөчө көӊүл буруп, Тали Имани Гератскийдин «Бада-и-ал-лугат» (1961) ж-а «XII–XIII кылымдардагы Орто Азия тефсиринин лексикасы» (1963) сөздүктөрүнүн чыгышына салым кошкон. Фундаменталдуу эски өзбек сөздүгүнүн түзүлүшүнө негиз салган.