БОРОДИН Александр Порфирьевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРОДИ́Н Александр Порфирьевич [31.10 (12. 11). 1833, Санкт-Петербург – 15. (27) 2. 1987, ошол эле жер] – орус композитору, химик. Муз. билим алган (фортепьянодо, флейтада, виолончелде ойногон), бир нече тил билген. Мед. хирургия академиясын бүтүргөн (1856). Медицина доктору (1858). 1859–62-ж. Германияда, Францияда ил. командировкада болгон. Мед. Хирургия академиясында 1862-жылдан адьюнкт-проф. 1864-жылдан ординардык проф., өмүрүнүн акырына чейин химия кафедрасынын жетекчиси. 1872–87-ж. Аялдар үчүн жогорку окуу жайын – врачтык аялдар курсун уюштуруучу-лардын бири ж-а анын окутуучусу. Химия тармагы б-ча 40тан ашуун ил. эмгектин автору. 19-к-дын 50-жылдарында фортепьяно үчүн пьеса, романстар жаза баштаган. 1862-ж. М. А. Балакирев м-н таанышып, анын «Кубаттуу топ» ийримине мүчө болуп кирген. Эӊ маанилүү чыгармасы – «Князь Игорь» операсы. Анын 1-симфониясы (1867), экинчи же Баатырдык симфониясы (1879) ж-а квартеттери бар. Өз чыгармаларында орус элинин улуттук духун чагылдырган. Б-дин өрнөктүү салттарын комп. С. С. Прокофьев, Ю. А. Шапорин, А. И. Хачатурян ж. б. уланткан. Анын муз. мурастары О. Азия, Закавказье элдеринин улуттук муз. мад-тынын өсүшүнө да таасир берген.