БОСОГО (боз үйдүн эшиги)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОСОГО боз үйдүн эшиги. Боз үйдүн эшигинин эки жан-жагында жазылыгы 8–15 см, калыӊдыгы 4–6 см, бийикт. кереге бою эки Б. таягы болот. Алардын төмөнкү учу аяк Б-нун четиндеги төрт чарчы көзөнөгүнө, жогорку учу баш Б-нун тешигине ашталат. Аяк Б. м-н баш Б-нун уз. 1 м чамалуу, калыӊдыгы 6–8 см, эни босого таяк м-н бирдей. Баш Б-нун так ортосунун үстүрөөк жагында эшик боо байланчу көзөнөгү болот. Боз үйдүн ичин көздөй эки жакка ачылчу, эки кичинекей каалгалары бар. Алардын баш-аяккы четтериндеги уз. 5–6 см келген ашык-машыктын милдетин аткаруучу жумуру казыкчалары баш Б. м-н аяк Б-нун ич жагынын эки четиндеги жазылыгы 4–6 см, уз. 8–12 см келген курбучадагы тегерек тешиктерге киргизилет. Каалгасы жок боз үйдүн эргилчеги болот. Б-нун бардык бөлүктөрү оймо, чийме м-н кооздолуп, түрдүү түстөгү боёк жошо м-н боёлот, к. Боз үй.