БОЙЛЬ-МАРИОТТ ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:29, 25 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЙЛЬ-МАРИО́ТТ ЗАКОНУ – газдын негизги закондорунун бири. Бул закон боюнча турактуу температурада (Т), берилген массадагы идеалдык газдын көлөмү (V) анын басымына (Р) тескери пропорциялаш, башкача айтканда PV=const. Законду бир бири менен байланышсыз англис жана француз окумуштуулары Р.Бойль (1662-жыл) менен Э.Мариотт (1676-жыл) аныкташкан. Бул законго ылайык жүрүүчү процесс изотерма процесси деп аталат. Закон идеалдык газ үчүн так аткарылат.