БОТБАЕВ Махмуд
БОТБАЕВ Махмуд (1898, Кетмен-Төбө өрөөнү, Ак-Чий – Кара-Суу айылы – 1981, Токтогул шаарчасы) – Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышуучу, алгачкы агартуучулардан. Жерг. Орус-тузем мектебин, Ташкенттеги мугалимдерди даярдоо курсун (1920), Ташкенттеги политех. техникумду (1930) бүтүргөн. 1919–24-ж. Токтогул р-нундагы Мустөр болуштугунун аткомунун катчысы болуп иштеген ж-а жерг. элден кошуун түзүп, басмачыларды талкалоого катышкан. Кетмен-Төбө өрөөнүндө мугалим, Фергана обл. эл агартуу бөлүмүндө инспектор, Наманган уездинде мугалимдерди даярдоо курсунда окутуучу, партиянын Кетмен-Төбө райкомунун секретары ж-а райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы, 1924-ж. Кара Кыргыз Автономиялуу обл-нун убактылуу уюштуруу бюросунун ж-а Кара Кыргыз АОсунун ревкомунун мүчөсү болгон. 1924–27-ж. Жалал-Абад кантонунун үгүт бөлүмүнүн башчысы, 1927–28-ж. кантондук аткаруу к-тинин төрагасы, жер-суу реформасын жүргүзүү б-ча комиссиянын төрагасынын орун басары (төрагасы – Т. Айтматов), 1928–37-ж. «Кошчу» союзунда жооптуу катчы, Кетмен-Төбө р-ндук аткомунун төрагасынын орун басары ж. б. жооптуу кызматтарда иштеген. 1937–40-ж. репрессияланып, 1940-ж. акталган. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган. Ысмы Токтогул ш-часынын бир көчөсүнө берилген.