БОТУЛИЗМ оорусу
БОТУЛИ́ЗМ (лат. botulus – колбаса) – ботулис микробу бөлүп чыгарган уудан (токсин) пайда болуучу, капысынан башталып, катуу кармаган оору. Б-дин козгогучтары жаратылышта кеӊири таралган ж-а анаэробдук шартта жашап, споралары айлана-чөйрөдө өтө чыдамдуу. Инфекциянын булагы – жаныбарлар. Алардын ичегисинде көбөйгөн бацилла заӊ м-н сыртка чыгып, айлана-чөйрөнү булгайт. Киши оорунун козгогучтары м-н булганган тамак-аш аркылуу (чала бышкан эт, балык, колбаса, ар түрдүү консерваланган тамак) жугузуп алат. Б-дин жашылча (бадыраӊ, кызылча, баклажан ж. б.), жер-жемиш, козу карын ж. б. өсүмдүктөрдөн үй шартында консерваланган азыктардан болгон түрү коркунучтуу. Себеби жылчыксыз жабылган идиштеги, таза жуулбаган ж-а жетишерлик кайнатылбаган өсүмдүктөгү козгогучтар анаэробдук шартта тез көбөйөт. Бул тамак-ашты жегенде кишилер ууланат. Уу ичегиге тез сиӊет, андан кан м-н бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системасын жабыркатат. Оорунун жашыруун (инкубациялык) мезгили 2 сааттан 1 жумага чейин. Ал адатта булганган тамакты жегенден 12–24 сааттан кийин капыстан башталат. Оорулуу алсызданат, башы айланып ооруйт, денеси ысып, кусат, оозу ж-а эрини кургайт, суусайт, ичи өтөт же катат, уйкусу качат, нерв системасы жабыркагандыктан, парез ж-а паралич (шал) белгилери, көзгө кош көрүнүү байкалат. Көз жапкагы жабылып (птоз), карек чоӊоёт, аба жетпей деми кыстыгат, муунат, денеси көгөрүп, 2–3 сутканын ичинде өлүмгө учурашы мүмкүн. Б-деги алгачкы (экстрендик) жардам: ичеги-карынды клизма аркылуу тазалоо ж-а тезинен канга антитоксин (кан сары суусу) куюлат. Б-ди алдын алуу тамак-аш азыктарын даярдоодо, ташууда, сактоодо ж-а бышырууда санитария-гигиеналык эрежелерди, жашылчаларды, жер-жемиштерди үй шартында консервалоодо технол. талапты сактоо керек.